Жапаров Россияга барды. Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
- 2 месяца мурун
Японияга сапар 20-декабрда соңуна чыгып, Садыр Жапаров Россияга барды. Жапаров бүгүн, 21-декабрда, Россияга иш сапарынын алкагында Санкт-Петербург шаарында Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин расмий сайтында маалымат жарыяланды.
Мамлекет башчылары эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде соода-экономикалык, финансылык, маданий-гуманитардык жана миграциялык чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулады.
Президент Садыр Жапаров бул жолугушуу стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык маселелерин эки мамлекеттин кызыкчылыгында талкуулоого шарт түзгөнүнө ишеним билдирди.
Өз кезегинде Владимир Россиянын президенти Владимир Путин бул сүйлөшүүлөр эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоого мүмкүндүк берерин баса белгилеп, ЕАЭБде соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө мазмундуу талкуу болот деген ишенимин билдирди.
Ошондой эле Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат.
Сүрөт: president.kg




