Кыргызстанда орусиялык компаниялар буга чейинки жылдарга салыштырмалуу үч эсе көбөйгөн
- 2 недели мурун
Президент Садыр Жапаров жана Россиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 26-ноябрда, Бишкек шаарында кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Россия тарабынан Кыргызстанга салынган инвестициянын көлөмү дээрлик 2 млрд долларга жеткени айтылы.
Жолугушуу тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат берилди.
Жолугушууда кыргыз-россиялык өз ара аракеттенүүнүн негизги маселелери, ошондой эле кызматташтыкты өнүктүрүү келечеги талкууланды.
Жапаров Россия Кыргызстандын ири соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири бойдон калаарын, ал эми Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы интеграция кызматташтык, инновация жана инвестиция үчүн жаңы горизонтторду ачарын билдирди.
“Биз инфраструктуралык, энергетикалык, өнөр жайлык жана гуманитардык демилгелерди өнүктүрүүдө Россиянын колдоосун жогору баалайбыз” деп баса белгиледи Садыр Жапаров.
Бул контекстте ал 2025-жылы Кыргызстандагы россиялык компаниялардын саны бир нече жыл мурдагыга салыштырмалуу үч эсеге көбөйгөнүн айтты.
Президент Жапаров билим берүү, маданият жана миграциялык саясат жаатындагы кызматташтыкка өзгөчө маани берди.
Владимир Путин Россия Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөшү экенин баса көрсөттү. Ошондой эле Россиядан Кыргызстанга салынган инвестициянын көлөмү дээрлик 2 млрд долларга жеткенин белгиледи.
Ошондой эле аймактар аралык кызматташтык маанилүү орунду ээлей турганын, ага Россия Федерациясынын 80ден ашык субъектиси жана Кыргызстандын бардык жети облусу катышаарын белгиледи.
Владимир Путин ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүү үчүн багыттарды белгилөө ниетин билдирди.




