Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин расмий жолугушуу аземи болду
- 2 недели мурун
- Фоторепортаж
Бүгүн, 26-ноябрда, Бишкек шаарында президент Садыр Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Россиянын президенти Владимир Путиндин расмий жолугушуу аземи болду.
Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат жарыяланды.
Өлкө лидерлери бири-бири менен саламдашып, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардактуу кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары катарды кыдырып чыгышты.
Мамлекет башчылары аземдин жүрүшүндө тууга таазим этишти. Россиянын президенти ротага кайрылып, “Салам аскер!” деп саламдашты.
Андан соң Садыр Жапаров жана Владимир Путин өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырышты, мындан кийин ардактуу кароол мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу марш менен өттү.
Саламдашуу аземинен жана биргелешип сүрөткө түшкөндөн кийин лидерлер сүйлөшүү залына бет алышты.





Сүрөттөр: president.kg




