Путин президенттик шайлоодо 87% добуш менен жеңишке жетти

  • 1 месяц мурун

Орусиядагы президенттик шайлоодо Владимир Путин жеңишке жетти. Ал протоколдордун 99,7% саналгандан кийин 87,3% добушка ээ болду. Бул анын бешинчи мөөнөтү жана 2030-жылга чейин өлкөнү башкарат.

Шайлоого төрт талапкер катышты. КПРФ партиясынан Николай Харитонов 4,3% добушка ээ болгон. Ал эми Владислав Даванков – 3,8%, Леонид Слуцкий – 3,2% алды. 1,4% бюллетендер жараксыз деп табылган.

Согушка каршы чыккан талапкерлер — журналист Екатерина Дунцованы, Долгопруд аймагынын муниципалдык депутаты Борис Надеждинди Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катыштырган жок. Дунцовага кол топтоого уруксат берилген жок. Надеждин 200 миңден ашуун кол чогулткан, бирок БШК алардын ичинен «ката» толтурулгандар бар деп, каттоодон баш тарткан. Надеждин БШКны сотко берген, бирок майнап чыккан эмес.

Путин 2000-жылдан бери Орусиянын президенттигине беш жолу көрсөтүлгөндөн тарта эң жогорку жыйынтыкка ээ болду. 2018-жылы өткөн шайлоодо 76,7% добуш менен кайра шайланган.

2020-жылы Путин Конституцияга дагы эки мөөнөткө бийликте калууга мүмкүндүк берген өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. 2022-жылдын февралында Путин Украинага басып кирүүгө буйрук берген.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, шайлоочулардын 74,2% добуш берди. Ондогон аймактарда добуш берүүнүн көрсөткүчү бир өңчөй чыкты. Бул өзгөчө Дагестанда, Кемеров, Белгород, Иванов облустарында, Ханты-Мансы, Ямал-Ненец автоном облустарында байкалганын Свобода.ру сайты жазды.

Өкмөт менен байланышы бар борборлор жүргүзгөн экзит-поллдун жыйынтыгында Путин 87%дан ашык жыйынтык менен алдыда болгон.

Шайлоо Украинанын оккупацияланган аймактарында да, анын ичинде аннексияланган Крым менен Севастаполдо да өттү. Жергиликтүү шайлоочулар добуш берүүгө мажбурлап катыштыруу болгонун айтып беришкен.

“Голос” шайлоочулардын укугун коргоо кыймылы добуш берүү жана добуштарды саноо учурунда бир катар мыйзам бузуулар, анын ичинде добуштарды бурмалоо, “карусель” ыкмалары жана бюджеттик кызматкерлердин борборлоштурулган добуш берүүсү катталганын кабарлады.

Орусиянын президентин шайлоо өткөң үч күндө бир нече жолу бюллетендерди жараксыз кылуу аракети катталды. Ар кайсы аймактарда шайлоочулар үкөктөрдү өрттөөгө жана боёк куюп жиберип, жараксыз кылууга аракеттеништи. Жалпы 60тан ашуун кылмыш иши козголуп, 150дөн ашык административдик протоколдор түзүлдү. Кылмыш иштердин басымдуу бөлүгү «терракт тууралуу жалган маалымат таратуу» беренеси менен козголгонун Орусиянын Ички иштер министрлиги кабарлады.

«ОВД-Инфонун» маалыматы боюнча, добуш берүү маалында 21 шаарда жүздөн ашуун адам кармалган. Кармалгандардын көбү Казанда жана Москвада.

Орус оппозициясы жекшембиде «Путинге каршы чак түш» деген акцияны өткөрүүгө, шайлоо участокторуна жапырт келүүгө үндөгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты