Орусияда шайлоонун акыркы күнүндө кеминде 80 киши кармалды

  • 2 месяца мурун

Жекшембиде, президенттик шайлоонун акыркы күнүндө Орусиянын 20 шаарында кеминде 80 адам кармалды. Бул тууралуу саясий камоолорго байкоо салган «ОВДИнфо» тобу билдирди.

Санкт-Петербургда шайлоо бюллетенине “Баарыңарга наалат” деп жазган активист Виталий Иоффе добуш берүүдөн кийин кармалды.

Ошондой эле шаардын борборунда шайлоо тилкесине жакын жерде полиция чак түштө “Фонтанканын” журналистин кармаган.

Орусиянын башка шаарларында да активисттер кармалды.

Казан шаарында 20 киши кармалып, кийин кое берилди. Уфанын тургуну добушканада оппозициялык саясатчы, маркум Навальныйдын сүрөтүн үкөккө салууга аракеттенгенде, Москвада Навальныйдын сүрөтү тартылган футболка кийип барган киши кармалганы кабарланды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты