Путин: Мобилизациялангандардын 50 миңи Украинада согуштук аракеттерге катышууда

  • 1 год мурун

Орусия президенти Владимир Путин мобилизациялаган 80 миң киши ушул тапта Украинада экенин, алардын 50 миңи согуштук аракеттерге катышып жатканын айтты.

Бул тууралуу ТАСС кабарлады.

“Бизде 50 миң киши согуштук бөлүктөрдө. Калгандары азырынча согуштук аракеттерге катышкан жок. Бирок 80 миңге чейинки киши согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймакта. Калгандарынын баары — полигондордо”, — деди Путин.

Ноябрдын башында «Медиазона» Украинада набыт болгон 115 мобилизацияланган кишинин аты-жөнүн жарыяланган. Басылма чын-чынында бул сан алда канча көп болушу мүмкүн экенин божомолдогон.

Буга чейин коргоо министри Сергей Шойгу мобилизацияланган 300 миңдей кишинин 87 миңи атайын даярдыктан өткөндөн кийин Украинага жөнөтүлгөнүн маалымдаган. Министр аскерге чакырылган жоокерлер согушка жиберилбей турганын айткан.

21-сентябрда Орусиянын президенти Влдаимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Ушундан кийин миңдеген жарандар учак жана чек арадагы пункттар аркылуу өлкөдөн чыгып кете башташкан.Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты