Уиткофф аракеттер жакында Путин менен Зеленскийдин жолугушуусуна алып келиши мүмкүндүгүн билдирди

  • 4 месяца мурун

АКШнын ортомчулугу жакынкы үч жума ичинде Россия менен Украинанын жолугушуусуна алып келиши мүмкүн.

Бул тууралуу АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф Fox News агенттигине берген маегинде билдирди.

“Биз Жаред (Кушнер) экөөбүз оптимисттик абалда турабыз жана сунушталган биздин демилгелер тараптардын позициясын жакынкы үч жума ичинде жакындатууга алып келет деп ишенебиз, ал тургай Зеленский менен Путиндин саммитине алып келиши мүмкүн,-деп билдирди Уиткофф.

Анын айымында, бул Дональд Трамптын кошо катышуусундагы үч тараптуу жолугушууга алып келиши ыктымал. Эгер бул ишти аягына чыгарууга ишене албаса, анда Трамптын катышпай турганын кошумчалады. “Жакын арада сиздер жакшы жаңылык угасыздар деп ишенем” деди Уиткофф.

Россия, АКШ жана Украинанын кийинки сүйлөшүүлөрү 17-18-февралда Женева шаарында өттү.

Аталган мамлекеттердин үч тараптуу жолугушуусунун эки жолкусу Абу-Даби шаарында өткөн. Биринчи сүйлөшүүлөр 23-23-январда, экинчиси 4-5-февралда болгон.     

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты