Прокурор 19 жашар блогер Жекшеналиевге 6 жыл абакка отургузуу жазасын сурады

  • 1 год мурун

Бүгүн, 3-апрелде, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда активист жана блогер блогер Ырыс Жекшеналиевдин соту болду.

Айыптоочу блогерди бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана бийликти күч менен басып алууга үндөгөн деп, жалпы режимдеги абак жайына 6 жылга эркинен ажыратуу жазасын сурады.    

Былтыр 14-августта Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев кармалган. Буга УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган видеосун аталган баракчага жайгаштырганы үчүн милицияга чакырылып, камалганы белгилүү болгон.  

Бишкек шаардык соту өткөн жылдын 26-октябрында активист жана блогер Ырыс Жекшеналиевди үй камагына чыгарган.

Аталган жагдайда кылмыштын курамы бар экендигине байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (массалык баш аламандык) 3-пунктуна (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) ылайык кылмыш иши козголуп, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Биринчи май райондук соту 16-августта блогерди шаардагы №1 тергөө абагына эки айга камоо тууралуу өкүм чыгарган.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты