Прокуратура Ырыс Жекшеналиевдин ишин сотто кайра кароо өтүнүчүн берди

  • 4 месяца мурун

Прокуратура Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун активист Ырыс Жекшеналиевди актаган чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арыз берип, ишти райондук сотко кайра кароого жөнөтүүнү өтүндү.

Бул тууралуу 9-январда “Азаттыкка” активисттин адвокаты Кантемир Турдалиев кабарлады. Анын сөзүнө караганда, мамлекеттик айыптоочулар мындай өтүнүчтү кийинки инстанцияга арыздануунун акыркы күнү – 8-январда берди.

“Прокурорлор жарыш сөздө Ырыс Жекшеналиевди жети жылга кесүүнү сураган. Анысы болбой калгандан кийин эми жок дегенде сотко кайра кароого жибергиле деп атат. Бул жерде кайра карай турчу эч нерсе жок. Ырыс Жекшеналиевдин ишин бир жыл төрт ай тергешти. Анын ичинен төрт ай тергөө иштери, бир жыл сот болду”, — деди адвокат.

4-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Ырыс Жекшеналиевди толук актап, ага коюлган бардык айыптарды алган.  

Ырыс Жекшеналиев 2022-жылы августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына чыгаргандан кийин камалган. Тергөө абагында эки ай отуруп, үй камагына чыккан.

Активистке кылмыш-жаза кодексинин “Калайман башаламандык” беренесинин “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” деген бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.

Ырыс Жекшеналиев жана анын адвокаты коюлган киненин баарын четке каккан.

Сүрөт: RF/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты