Президенттин жакын тууганы Улан Жапаровдун кармалганы анык экенин маалымат кызмат жетекчиси билдирди

  • 11 месяцев мурун

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков мамлекет башчы Садыр Жапаровдун жакын тууганы Улан Жапаровдун коррупцияга шектелип кармалганы анык экенин Фейсбук баракчасы аркылуу  тастыктады.  Ал, ишкерлер менен бажычылар аралашкан мыйзамсыз иште тиешеси болгон деп шектелип ИИМ тарабынан кармалып, камакка алынды.

 -32 жаштагы Улан Жапаров (аталаш бир тууганы Ракымжан Жапаровдун баласы) президенттин тууганы экени анык. Ал, ишкерлер менен бажычылар аралашкан мыйзамсыз иште тиешеси болгон деп шектелип ИИМ тарабынан кармалып, камакка алынды.

Тактап кетейин, Президент Садыр Жапаров кимде ким мыйзам бузса, жакындары экенине карабай мыйзам алдында жазалана турганын эскерткен. Эч кимди аяп, коргоп же калкалабайт.

Ошондой эле Президенттин, анын жакындарынын, жогорку кызматтагы жетекчилердин атын жеке кызыкчылыктарына пайдалангандарга дагы катаал чаралар колдонуларын эскертебиз,-деди Орунбеков.

Бишкекте коррупцияга шектелип Улан Жапаров кармалганын жана ал президенттин аталаш тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу экенин 24 kg жеке булактарына таянып билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты