Коррупцияга шектүү кармалды. Ал Садыр Жапаровдун жакын тууганы экени айтылды
- 1 год мурун
Бишкекте коррупцияга шектелип Улан Жапаров кармалганын жана ал президенттин аталаш тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу экенин 24 kg жеке булактарына таянып билдирди.
32 жаштагы Улан Жапаров Ысык-Көо облусунун Кең-Суу айылынын тургуну Бишкектеги СИЗОго камалган.
Ички иштер министрлиги кылмыш иши коррупция беренеси менен козголгондугун тастыктаган.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту камалган жаран 26-июлга чейин камакта калтырылганын маалымдаган.
Муну бөлүшүү