Депутат Кайрылбекова жолдошу Жаныбек Кубандыковдун кармалышын комментарийледи
- 1 неделя мурун
Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекова жолдошу Жаныбек Кубандыковдун кармалышы боюнча билдирүү жасады.
-Мен бүгүн камакта жаткан өмүрлүк жолдошум Жаныбек Кубандыковко кирип, баарлашып чыктым. Эң негизгиси — ал сөз болуп жаткан чет өлкөлүктөрдүн 5 миллион 500 миң долларын алып коюшкан деген дооматка тиешеси жок экенин билдим. Болгону чет өлкөлүк жаран менен россиялык жаранды тааныштырып, көздөштүрүп койгон экен. Бирөө сатуучу, экинчиси сатып алуучу болгон. Эки жак тең Жаныбекке акча бергенбиз деп көрсөтмө берген эмес. Россиялык жаран польшалык жаранды 5 миллион 500 миң долларга алдап кетиптир. Ортодо тааныштырганы учун Жаныбек күйүп жатат. Иш адилет каралса Жаныбек чыгат, буюрса, -деп жазды Медина Кайрылбекова.
Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
«Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан чет өлкөлүк инвесторлорго карата өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык жасоого шектелип, Кыргыз Республикасынын жарандары К.Ж.А. жана А.К.Т. кармалды. Учурда кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында, бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо, ошондой эле ушуга окшош башка фактыларды табуу боюнча зарыл болгон тергөө иштери жүргүзүлүүдө» деп айтылат маалыматта.
Кармалган эки жарандын биринин кыскартылган аты-жөнү президент Садыр Жапаровдун мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыковго туура келет. Ал — Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекованын жолдошу экени айтылууда.
Сүрөт: УКМК




