Президенттин деңгээлинде чечилет. Депутат Түркияда камалган мугалимдин жакындарынын катын тапшырды

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 30-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова  Түркияда Кыргыз Республикасынын жараны, окуучуларды олимпиадага алып барган учурда кармалган мугалим Азамат Нурмат уулунун апасынын, бир тууганынын кайрылуусун президентке тапшырып коюуну өтүнүп, мамлекет башчынын парламенттеги өкүлү Алмазбек Абытовго берди.

-Бул жигит Ноокат районунун Он эки бел айылынын тургуну болгондуктан, биздин шайлоочулар өтүнүп, ошол райондон шайланган 6 депутатка аялы, апасы жолугуп кетти. Мага кагаздарын берип. Ошондуктан бул маселе кечээ Түркия мамлекетинин жетекчилери менен да жолуктуңуз, мүмкүн айткандырсыз, ал тууралуу өзүңүз билдирүү жасап коерсуз. Ушул маселе боюнча президентибизге апасы менен эжеси кайрылуу жазган экен, элдин тапшырмасы катары президенттин өкүлүнө ушул катты тапшырам, -деди депутат Нарматова.

Катты президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмазбек Абытовго берип, президентке тапшырып коюуну өтүндү. Депутат бул маселе президенттин деңгээлинде чечилээрин айтты.   

Математика боюнча эл аралык олимпиаданын 2-туруна катышуу үчүн окуучуларды коштоп жүргөн кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу (Азамат Нурматов) Түркиянын аэропортунда кармалгандыгы тууралуу маалыматтар чыккан. Ал “Маариф” фондунун (мурдагы Сапат) Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев балдар лицейинин математика мугалими экени айтылган.

Билим берүү жана илим министрлиги Каракол шаарындагы Кусеин Карасаев атындагы балдар лицейинин мугалими Азамат Нурматовдун (Азамат Нурмат уулу) Түркияда кармалгандыгы боюнча тараган маалыматтарга байланыштуу 24-апрелде билдирүү таратты.

Сүрөттө: депутат Надира Нарматова.kenesh.kg

     

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты