Президенттик администрациянын жаңы имаратын  TS Group компаниясы курат

  • 2 года мурун

Президенттик администрациянын жаңы имаратын атамекендик «TS Group» компаниясы курат.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.   

Маалыматта айтылгандай, жаңы имарат куруу үчүн алмаштырыла турган 16 га аянттагы жер тилкеси боюнча кошумча комиссиялык баа (экспертиза) жүргүзүлүүдө.

Эгер 16 гектар жердин баасы административдик имараттын иш жүзүндөгү наркынан ашып кетсе, курулуш компаниясы башка зарыл объектилерди куруу боюнча кошумча кызматтарды көрсөтөт.

16 гектар жерге шаардын азыркы планына интеграцияланган, өнүккөн инфраструктурасы бар заманбап көп функционалдуу комплекс курулат. Президент Садыр Жапаров 15-апрелде мурдагы «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна салынып жаткан президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушуна капсула салды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты