Бакыт Төрөбаев Барскоон-Бедел жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты

  • 1 месяц мурун

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев 9-июлда Барскоон-Бедел жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.  

Иш сапар алкагында Төрөбаев “Сөөк” жана “Ашуу-Суу туннелиндеги негизги курулуш тилкелеринде болду.

Учурда иш 161-чакырымда курулуш ишери жүрүүдө. Бул жерде көпүрөлөр, суу өткөрүү курулмалары, таяныч дубал жана жер казуу иштери аткарылып жатат. Бул жактарда 1700дөн ашык жумушчу, 800дөн ашуун курулуш техникасы тартылды.

Бакыт Төрөбаев курулуш иштеринин мөөнөтүн так сактоо, долбоорду сапаттуу жана убагында бүтүрүү тапшырмасын берди.  

Буга чейин Төрөбаев Каракол-Эңилчек автожолунун курулушунун жүрүшүн текшерип, подрядчылардын жана жооптуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн отчетторун укту.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты