Бишкек шаарында маданий борбор курулууда

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы борбор шаарда заманбап маданий борбордун курулушун улантууда.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, долбоорго ылайык, 92 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жайы бар үч кабаттуу имарат курулат. Жер тилкесинин жалпы аянты 0,4 гектарды, ал эми имараттын жалпы аянты 7 490 чарчы метрди түзөт.

Маданий борбордо 420 орундуу кинотеатр, музыкалык жана театралдык класстар, 330 орундуу көргөзмө залы, фуд-корт, ошондой эле маданий жана коомдук иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталган жайлар каралган.

Бүгүнкү күндө имараттын жер төлө бөлүгүнүн темир-бетон каркасын куруу иштери аяктады. Курулуш иштерин «Гипер строй» компаниясы аткарууда.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты