Жапаров президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушуна капсула салды

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров 15-апрелде мурдагы «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна салынып жаткан президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаров «Ысык-Көл» мейманканасынын имараты жараксыз абалга келип калгандыктан, анын ордуна жаңы имарат куруу чечими кабыл алынганын билдирди.

Президенттик администрациянын жаңы имаратынын аянты 21 миң чарчы метрди түзөт. План боюнча ал имараттын маңдайына административдик комплекс курула турганы айтылды.

«Жаңы административдик комплекстин курулушу борбордук башкаруу аппаратынын ишин оптималдаштырууга, башкарууну эффективдүү жүргүзүүгө шарттарды түзүүгө, уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн тездетүүгө, техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдарды оптималдаштырууга мүмкүндүк берери белгиленген. Мындан тышкары бул мамлекеттик органдардын бир комплексте жайгашуусу чечимдерди иштеп чыгуу процессин тездетет, борбор калаанын борбордук бөлүгүндөгү жол тармагына жүктү азайтат», — деп айтылат прездинттик аппарат тараткан билдирүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты