Курулуш министри Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыяланды

  • 2 недели мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Курулуш, архитектура жана коммуналдык чарба министри Нурлан Орунтаевге сөгүш жарыялады.

Орунтаевге сөгүш кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн берилген.

Чечим Министрлер кабинети жөнүндө мыйзамдын 18-беренесине жана Эмгек кодексинин 88-беренесинин биринчи бөлүгүнүн экинчи пунктуна ылайык кабыл алынганы айтылууда.

Социалдык тармактарда 22-августта курулуш министри Нурдан Орунтаев Таластагы «Манас-Ордо» комплексине барган кезде уруш чыкканы тууралуу видео тасма тараган. Анда бир топ адам жаңжалдашып, кыйкырышып, сөгүнүп жатканын угуп-көрүүгө болот.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, 22-августтагы окуя тууралуу маалымат боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө окуянын катышуучулары эч ким окуя боюнча даттанбай турганын билдиришкен. Учурда текшерүү улантылууда.

Маалыматка караганда, жаңжалдын чыгышына курулушчу Данияр Айбашев менен жумушчунун ортосундагы түшүнбөстүк себеп болгон. Кийинчерээк тараптар өз ара тил табышып, маселени жөнгө салышкан.

Сүрөттө: Нурдан Орунтаев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты