Бүгүн — Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 30-ноябрда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт.

Жарандар жаңы система — көп мандаттуу 30 шайлоо округу боюнча 90 депутатты шайлашат.

Шайлоочу өз округунан бир гана талапкерди белгилей алат. БШКнын маалыматында караганда, 461 талапкер шайлоого катышат. Өлкөдө 4 миллион 290 миң шайлоочу катталган. Добуш берүү үчүн 2492 шайлоо участогу ачык болот.

Добуш берүү эртең мененки саат 8:00дө башталды жана  кечки саат 20:00дө токтойт. Парламенттик шайлоого 58 өлкөдөн 788 байкоочу көз салат.

“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам боюнча, өлкөдө 30 округ түзүлгөн. Эми ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет жана алардын бири аял болушу керек же эки аял болс,о бири эркек болушу шарт.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.

Сүрөт: shailoo.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты