Президент жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырды    

Президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасы аркылуу жаратылышты коргоого чакырды.

-Бүгүн мен Өзгөчө кырдаалдар министри, суучулдар менен чогуу барып, Ысык-Көлдөгү торлорду, түбүндөгү таштандыларды тазалоо иштеринин жүрүшүн жеке өзүм кыдырып, көрүп чыктым.

Менин тапшырмам менен үстүбүздөгү жылдын март айынан тарта торлорду, таштандыларды тазалоо иштери башталган.

Бүгүнкү күнгө чейин 100 км балык кармоочу тор, 6,8 тонна таштанды чыгарышты. Ушул 100 км тордун көбү эски торлор. Аларга чалынып өлүп, чирип жаткан балыктар, өрдөктөр жана башкаларды көрүп зээниң кейийт.

Биздин суучулдарыбыз канча айдан бери мээнет кылып, бир сыйра тазалап чыгып, көлгө кайра киришсе, дагы жаңы торлорду таап чыгып жатышыптыр.

Бул – эмне деген кайдыгерлик, өзүбүздүн көлүбүзгө болгон эмне деген кара мүртөздүк?! Анан келип алып, экология жана башка деп тим эле эксперт болуп акыл үйрөтүп чыга келебиз.

Эң эле жөнөкөй ичкен-жегенибиздин калдыктарын атайын коюлган урналарга салгандан эринип, туш келди таштап, эч нерсе болбогондой басып кетебиз.

Буга чейин Сары-Челекке да бардым эле. Ал жакта Кудайга шүгүрчүлүк, көлдүн түбү эски торлордон, таштандылардан таза экен.

Ал эми дагы бир ири көлүбүз Соң-Көлдө абал кыйын деп маалымат келип жатат. Ал жакты дагы катуу көзөмөлгө алабыз.

Буюрса, жалпы республика боюнча жаратылышыбыздын тазалыгына кам көрүү жаатында иштерди улантабыз.

Урматтуу мекендештер, баарыңыздарды Кыргызстандын Кудай берген ажайып кооз жаратылышын таза кармоого, сактоого чакырат элем.

Бир күн менен жашабай, эртеңки келечекке айлана-чөйрөбүздү, көлдөрүбүздү, агын сууларыбызды таптаза кылып өткөрүп берели.

Айрыкча, жогоруда аталган көлдөрүбүзгө, жайлоо-төрлөрүбүзгө барган эс алуучулар, таштанды таштабасаңар, силердики болбосо дагы көргөн, жолуктурган таштандыларды тазалап, чыгарып кетсеңер.

Колуңарга жугуп калбайт, быйыл бул жерге силер келип эс алсаңар, эмки жылы балдарыңар, аркы жылы неберелериңер келип эс алат.

Келгиле, жаратылышка аяр мамиле кылуу боюнча өзүңөрдү өзүңөр көзөмөлдөгүлө! Коомдук көзөмөл кылып, бири-бириңерди тарбиялагыла!-деди.

12-мартта “Ысык-Көлдү коргойлу” аталышындагы иш-чара башталып, суучулдар Ысык-Көлдү тазалоону баштаган.

Ысык-Көлдү таштанды жана балык улоочу тордон тазалоо иштери өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) суучулдары тарабынан улантылууда. 12-мартта башталган масштабдуу иш-чарада жалпы көл бетинен суу алдынан 3700 тонна ар түрдүү таштанды, 47 000 метр балык улоочу тор чыгарылды. Буга байланыштуу мамлекет башчы Садыр Жапаров Фейсбук баракчасы аркылуу буга чейин ла элге кайрылган.

Сүрөт: Мамлекет башчынын ФБ баракчасынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты