Ысык-Көлдөгү таштанды: Президент кайдыгер болбоого чакырды

Ысык-Көлдү таштанды жана балык улоочу тордон тазалоо иштери өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) суучулдары тарабынан улантылууда. 12-мартта башталган масштабдуу иш-чарада жалпы көл бетинен суу алдынан 3700 тонна ар түрдүү таштанды, 47 000 метр балык улоочу тор чыгарылды. Буга байланыштуу мамлекет башчы Садыр Жапаров Фейсбук баракчасы аркылуу элге кайрылды.

-Урматтуу кыргызстандыктар! Мынчалык кайдыгер болбогулачы. Эки айдан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тазалап бүтө албай жатышат.  Таза болуу өзүбүздөн го акыры. Неге мынча кайдыгербиз?

Өзүбүз булгайбыз дагы анан бийликтен тазалыкты балакеттей талап кылабыз. Тазалыкты сактоону суранам. «Тазалаган жер таза эмес, тазалыкты сактаган жер таза».

Ар бир жаран тазалыкты сактоого жана башка жарандардан дагы тазалыкты сактоону талап кылууга милдеттүүсүздөр.

Ушул кызматкерлердин эмгегин сыйлагылачы, деди президент.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты