Ысык-Көлдү коргойлу. Суучулдар, ыктыярчылар тазалоо иш-чарасын баштады  

  • 1 год мурун

12-мартта  «Ысык-Көлдү коргойлу» аталышындагы иш-чаранын ачылышы болду.

Иш-чара Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ысык-Көл айылында өттү.  

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу суучулдарды даярдоо жана суу астындагы техникалык иштерди жасоо борборунун суучулдары көлдүн бардык акваториясын тазалоо алдында турушат. Суучулдардын катарында ыктыярчылар да бар.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы (ӨКМ) билдирди

Маалыматка ылайык, Ысык-Көлдү таштандыдан тазалоо иштеринде быйыл Түркиядан алып келинген «Дельта» катери колдонулат. Аталган катердин жүрүү ылдамдыгы саатына 40км чакырымды түзүп, ичине 10 суучул шаймандары менен батат.

Сүрөт: ӨКМ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты