Президент Жапаровду Монголиянын тышкы иштер министри Батцэцэг Батмунхийн тосуп алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда, мамлекеттик сапар менен Монголияга барды. Мамлекет башчынын борту Улан-Батор шаарынын «Чыңгызхан» эл аралык аэропортуна конду.

Бул тууралуу президенттин басмс сөз кызматы билдирди.

Аэропортто килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди.Президент Садыр Жапаровду Монголиянын тышкы иштер министри Батцэцэг Батмунхийн тосуп алды.

Мамлекеттик сапардын жүрүшүндө бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтүп, эки тараптуу документтер кабыл алынат.

Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын иш-чаралары Монголиянын эки шаарында — Улан-Батор жана Эрдэнэтте өтөт.

Буга чейин Садыр Жапаровдун 9-11-июлда Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу менен мамлекеттик сапар менен ал мамлекетке бара турганы маалымдалган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты