Садыр Жапаров Монголияга жөнөп кетти

  • 10 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу боюнча мамлекеттик сапар менен Улан-Батор шаарына жөнөп кетти.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, мамлекеттик сапардын алкагында Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, премьер-министр Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ, Монголиянын Улуу мамлекеттик хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чаралар жана өнөр жай ишканаларына баруу пландаштырылган.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

Айгүл Жапарова — президенттин жубайы;

Жээнбек Кулубаев — тышкы иштер министри;

Эдиль Байсалов — Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;

Муратбек Азымбакиев — президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Айбек Артыкбаев — Кыргызстандын Монголиядагы элчиси;

Алтынбек Максутов — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

Тилек Текебаев — транспорт жана коммуникациялар министри;

Данияр Амангелдиев — экономика жана коммерция министри;

Умбриэль Темиралиев — Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору;

Эмилбек Абдыкадыров — Бишкек шаарынын мэри;

Самат Насирдинов — айыл чарба министринин орун басары;

Эмил Осмонбетов — жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары.

Буга чейин Садыр Жапаровдун 9-11-июлда Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу менен мамлекеттик сапар менен ал мамлекетке бара турганы маалымдалган.

Сүрөт: Улан Батор шаары. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты