Президент Жапаров Шакиевдин кыргыз тили жана ысым коюу боюнча айткандарына пикирин билдирди

  • 3 недели мурун

Бүгүн, 12-апрелде, президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин кыргыз тили жана балага ысым коюу боюнча айткандарына пикирин билдирди.      

“Албетте кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча сунуштарын баарыбыз эле колдойбуз. Эч ким каршы эмес. Бирок орус, англис тилдери боюнча Нурланбек Шакиевдин пикири анын өзүнүн жеке ою. Мамлекеттик саясат таптакыр башка» деди президент.

«Орус, англис тилдери — дүйнөлүк тилдер. Баарлашуунун куралы болгон бул эки тил БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын негизги тилдеринин бири катары кеңири колдонуларын баарыбыз билебиз.

«КМШ өлкөлөрүндө орус тилсиз иштөө мүмкүн эмес. КМШ өлкөлөрү эле эмес, Европанын айрым өлкөлөрүнө, АКШга жана башка бир топ өлкөлөргө расмий сапарлар менен барганда котормо орус тилинде болот» деп айтты мамлекет башчы.

«Айрыкча айыл жерлеринде орус тилчилерге муктажбыз. Балдарыбыздын жаш кезинен эле орусча сүйлөгөнүн уккан жокмун. Тескерисинче, мектепти бүтүп, орусча бир сөз билбей түз эле Россияга кетип калып жаткан учурлар бар. Ал жакка барып орус тилинен кыйналып жатышат. Ошондуктан мен жеке өзүм демилге көтөрүп, бизге 9 орус мектебин салып бергиле деп Владимир Владимировичтен сурангам. Жакында курулуш иштери башталат деп турам» деп кошумчалады президент.

«Ал эми кыргыз тили эч качан өлбөйт. Түбөлүк жашайт. Өнүгөт. Кудайга шүгүр дешибиз керек. Кантип эле тилибиз 90-жылдардагыдай абалда калды дейбиз».

Мамлекет башчы балага ысысм коюу боюнча да Нурланбек Шакиевдин айтканына пикирин билдирди.

«Ал эми арабча ат коюлуп атат дегени ар кимдин өзүнүн иши. Эң негизгиси жүрөгү, каны кыргызмын деп соксо болду. Мисалы, Мухаммед деген аттар бизде деле бар. Негизи көп эле аттар окшош келет» деди Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде.

11-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев депутаттарды кыргызча сөздөрдү колдонууга чакырып, чет элдик мультфильмдерди бөгөттөөнү сунуштады.  

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты