Эдил Байсалов: “Мамлекеттик олуттуу маселелерди эки адамдын жеке мамилесине байлап койбошубуз керек”  

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Фейсбук баракчасында акыркы окуяларга, Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышына жана анын себептерине токтолуп, элди президентти колдоого чакырды. Анын сөзүн айрым кыскартуулар менен, кыргыз тилине которуп беребиз.   

-Акыркы айларда айрым жоопкерчиликсиз адамдар, улгайган, ишсиз калгандар, «саясий банкроттор» , элдик генералдын атына жамынып алып, өздөрүн тарых жаратуучу катары көрсөтүүгө аракет жасады. Жеке кызыкчылыктарын көздөп, анын атынан сүйлөп, бийликтен бир нерсе үмүт этип, алдыдагы бийлик алмашуу тууралуу, бир нерсенин башын кылтыйтып, билинбеген карама-каршылык жагдайын жаратууга аракет кылды. Дал ошолор узак жылдар болуп келген туруктуулукту камсыздаган тең салмактуулукту бузуу аракетин көздөөдө. Анын натыйжасында коомдо эки анжылык, кош бийлик түзүлгөндөй, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү керектиги жана азыркы бийликтин легитимдүүлүгүнө шек жаратуу жагдай жаралды.  

Дал ушул чагымчылар жана алардын дымагы Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосуна жик салды. Ошолордун айынан ал коомду жана мамлекетти бөлүп-жаруу менен коркутуп калды.

Мамлекет үчүн бул жол берилгис. Бийлик так, конституциялык жактан белгиленген: жоопкерчилик бир колдо болушу керек.

Президент Садыр Жапаров элге жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына ант берген. Анын эң башкы милдети мамлекеттин биримдигин камсыздоо, Конституциянын жогору турушуна кепилдик берүү, Конституциянын жогору турушу жана кандай формада болбосун, бийликти узурпация кылууга жол бербөө.

Биз мамлекеттик олуттуу чечимдер жеке достукка же эмоциялык талдоого алынган өткөндүн катасын кайталабашыбыз керек. Жеке байланыш, мурда жасалган эмгек же формалдуу эмес келишимдер президенттин антынан жогору турбаш керек.   

Жетилген саясий коом катары биз мамлекеттик олуттуу маселелерди эки адамдын жеке мамилесине байлап койбошубуз керек.  

Биз кийинки убактарда мамлекеттик башкаруу системасында, өкмөттө дагы, жер-жерлерде дагы кандайдыр тең салмак болбой калганын чын эле мойнубузга алышыбыз керек. Айрым функциялар мамлекеттик коопсуздук комитетине берилип калып, бул структуранын айрым өкүлдөрү мыйзамга эмес, тартип үчүн күрөшүүгө жамынып, өз полномочиелеринен чыгып кетип, коомдо коркуу жана куугунтук жагдайын жараткан. Бул жарандык коом жана ишкерлер, жаштар тарабынан адилет сынга алынып келген. Тарыхта биз мындай нерсени башыбыздан өткөрүп, укук нормалары сактоо саясий зарылдыкка айланып калган учурларын көрдүк. Мыйзамдын үстөмдүгү бузулган жерде мамлекеттин Конституциясынын негиздерине доо кетет.

Орун алган кемчиликтер кандай гана актоого дуушар болбосун, биздин Конституцияга дал келбейт. Кыргызстан бул укуктук мамлекет, ар бир жарандын мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктары корголушу керек. Айрым органдардын өзүнө тиешелүү эмес полномочиелеринин шайкеш келбеши өткөн чакта калыш керек. Биз жетилген укуктук мамлекетке карай барышыбыз керек, бийликтин ар бир органдары өзүнүн функциясынын чегинде аракет кылыш зарыл.            

Биздин саясий тарыхыбыздын бир бөлүгү дал ушундай аяктаганы мени өкүндүрөт, бул баарыбыз үчүн күтүүсүз болду. Эки анжы болгон ушул мезгил аягына чыгышы керек.

Ошону менен бирге биз генерал Ташиевдин тынчтыкка жана туруктуулукка үндөгөндүгү, мыйзамсыз жолдон баш тартуу ниети үчүн ага ыраазылыгыбызды билдиришибиз керек.

Бүгүн Кыргызстандын алдында эң чоң милдеттер- Эгемендигибиздин 35 жылдыгы турат.Биз аны тынч, туруктуу, ишенимдүү жагдайда өткөрүшүбүз керек. Президенттик шайлоо белгиленген мөөнөттө, кийинки жылдын январь айында өтүшү керек.    

Бул жылы биздин көп улуттуу калкыбыз, ар бир үй-бүлө, ар бир жаран турмуш деңгээлинин жана сапатынын жогору болушун сезерине ишенем. Элдик өкмөт күн сайын бул милдеттин үстүнөн иштеп жатат.  

Бүгүн биз эл тарабынан шайланган президент Садыр Жапаровдун айланасына чогулуп, мыйзамдуулукту, конституциялык тартипти бекемдөөгө багыт алып, Кыргызстандын келечеги үчүн башталган ишти аягына чыгарышыбыз керек, -деди Эдил Байсалов. (Орусча текстти которгон –“ПолитКлиника).   

Кыргызстандын белгилүү коомдук-саясий ишмерлери, көрүнүктүү адамдары, анын арасында экс-премьерлер,экс-депутаттар, окумуштуулар мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону тез арада өткөрүү демилгеси менен президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин төрагасы Тургунбек уулу Нурланбекке кайрылуу жолдоду.

«Жогоруда белгилеген өлкө алдындагы чакырыктарды жана президенттик шайлоого байланышкан талаштарды эске алуу менен, сиздерге өлкө президенти жана Жогорку Кеңештин төрагасы катары мүмкүн болушунча тез арада жаңы президенттик шайлоону өткөрүү демилгесин көтөрүүнү сунуштайбыз жана чакырабыз» деп жазылган Кайрылууда.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Ташиев Камчыбек Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.

Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

УКМКда структуралык өзгөрүүлөр орун алды. Чек ара кызматы УКМКнын курамынан чыгарылды. Мамлекеттик күзөт кызматы президентке караштуу болду.

Камчыбек Ташиев социалдык тармактар аркылуу комментарий бергенин Нургазы Анаркулов жарыя кылды.  Камчыбек Ташиев анын кызматтан алынышы күтүүсүз болгонун, бул күндөрү Германияда дарыланып жатканын билдирди.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты