Москвада терроризмди актап жазган комментарийи үчүн кыргызстандык үч жылга эркинен ажыратылды

  • 2 месяца мурун

Москва шаарынын экинчи батыш округдук аскер соту Кыргызстандын жараны, 30 жаштагы Абдинасир уулу Бекзатты терроризмди актады деп (РФ кылмыш-кодексинин 205.2 беренесинин 2-бөлүгү) үч жылга эркинен ажыратты.

Бул тууралуу ТАСС сот залынан кабарчысынын айткандары боюнча билдирди.

Тергөө 2024-жылы апрель айында “Крокус Сити Холлдогу” терактта айыпталгандардын видеосунда “Мындай аракет үчүн, азаматтар, чоң дух керек, бирок алар кармалып калганы өкүнүчтүү” деген комментарий калтыргандыгын аныктаган.  Видео “Мигранты.ру” телеграм-каналында жарыяланган.  

Ал 2024-жылдын ноябрь айында кармалып, убактылуу абак жайында жаткан.  

ТАССтын айтымында, айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алып, андай жоругуна өкүнгөндүгүн билдирген.

2024-жылдын 22-мартында, кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарындагы «Крокус Сити Холл» борборунун 6 миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон. Кеминде төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. 3-апрелдеги маалыматка караганда, каза болгондор 144кө жеткен, жараат алгандар кеминде — 380 адам. Алардын айрымдарын кол салгандар атып өлтүрсө, көбү имараттагы өрттөн улам каза болушкан.

Аталган теракт боюнча 11 киши кармалган, анын төртөө аткаруучулар болгон.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты