Садыр Жапаров расмий сапары менен Орусияга барат

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен ушул жылдын 8-майында расмий сапар менен Орусияга барат. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев мамлекет башчынын иш сапары тууралуу маалымат берди.

«Алдыдагы сапардын алкагында президент Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландалууда.

Өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.

Ошондой эле Орусиянын башка расмий өкүлдөрү менен жолугушуулар пландаштырылууда.

2023-жылдын 9-майында Москва шаарында мамлекет башчы ардактуу конок катары Жеңиш Парадына катышат», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты