Путин Рахмонду Жеңиш күнүн майрамдоого арналган иш-чарага катышуу үчүн Москвага чакырды

  • 12 месяцев мурун

Орусиянын президенти Владимир Путин Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмонду Жеңиш күнүн майрамдоого арналган иш-чарага катышуу үчүн Москвага келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу тажик президентинин сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-майда Путин менен Рахмон телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу мамилени өнүктүрүүнү талкуулашкан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Путин тажик лидерин Москвага келип кетүүгө чакырган.

«Известия» басылмасы Дүйшөмбүнүн расмий кабарына таянып, Рахмон чечим кабыл ала электигин жазды. Кремль азырынча маалымат бере элек.

Буга чейин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 9-майда Москвада өтө турган парадга катыша турганы кабарланган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты