Президент Жапаров: Мадумаров өзүнөн башканы Президент көрбөгөн «оору» менен ооруп жүрөт

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров 25-июнда «Кабар» агенттигине актуалдуу саясий-экономикалык маселелер тууралуу маек курду. Казино тууралуу мыйзам долбоору тууралуу ой-пикиринде ал мыйзам долбооруна каршы чыгып, добуш бербей койгон депутат Адахан Мадумаров тууралуу да оюн айтты.  

-Мадумаров жөнүндө жооп берсем. Анын сөздөрүнө көңүл бурбай эле койсоңуздар болот. Ал жарыктык киши 30 жылдан бери саясатта жүрөт. Эл үчүн көзгө көрүнөрлүк бир дагы алгылыктуу иши жок. Кудай тилди бериптир, көрөгөчтүктү, даанышмандыкты, уюштуруучулук касиетти бербей коюптур.

Чындыгын айтсам, өзү 2005-жылдардан кийин 1-вице-премьер, спикер болду, андан кийин өлкөнүн эң негизги идеологу болгон мамлекеттик катчы болду. Дал ошол мезгилде казинолор жөнүндө мыйзамдарды кабыл алып берип, казинолор иштей баштаган.

Дал ошол мезгилде ажырашуулар, банкрот болгон жарандарыбыз көп болгон. Биз азыр андайга жол бербейбиз. Баарын ойлонуштуруп койдук. Ошон үчүн биздин жарандарга мыйзам чегинде кирүүгө тыюу салдык. Күчүбүз жетет. Анан эле ошол мезгилде өзү өткөрүп берген казиного ошол кезде каршы болбостон, бүгүн эле ыймандуу, өтө ынсаптуу «таза» адам болуп, акыл үйрөтүп чыга келгени таң калтырат. Бир үй-бүлөнү тыңгылыктуу бага албагандар мага акыл үйрөтпөй эле койсун.

Мадумаровго мамлекеттин экономикасы кыйрап калса дагы баары бир. Ал киши бүгүнкү каршы чыгып жаткан электоратты жеке өзүнүн саясий кызыкчылыктарына тартуу максатында иштеп жатат. Мен анын мындай кылыктарына көңүл бурбай калгам.

Сөзүм куру болбос үчүн бир-эки мисал келтире кетейин. Адахан Кимсанбаевич мындан бир нече жылдар мурда “Өлкөгө президенттик башкаруу керек. Какканда кийиз казык жерге кириш керек” деп келген.

Кайсы бир журналисттин «Садыр Жапаров бийлик башына татыктуубу?» деген суроосуна «азыркы белгилүү саясатчылардын бешөөнү бириктирсең, Садыр Жапаровго тең келе алышпайт. Татыктуу» деп жооп берген учурлары болгон. Ал учурда мен камакта жаткам. Бул баары бир чыкпайт, электоратын өзүмө бура берейин деп ойлосо керек.

Кудайдын буйругу менен чыгып келип, кийин президенттик башкаруу орнотсок, «президенттик башкаруу мамлекетти талкалайт, болбойт» деп кокуйлап чыкты. Мен бийлик башына келсем, “сабатсыз, жарабайт” деп чыкты. Кыскасы, өзүнөн башканы Президент көрбөгөн оорусу менен ооруп жүрөт. Сакайып кетсе, жакшы болмок. Өзүнө да, элге да пайдасы тиймек.

Ал мурда бийлик бутактарында турганда кетирген каталарын азыр биз оңдоп келе жатабыз. Бул жөнүндө кийинчерээк айтам, -деди мамлекет башчы.

Садыр Жапаров аталган маекте колдоп берген депутаттарга алкыш гана айтышыбыз керек деди. Эми казинонун мамлекетке тийгизген таасири жөнүндө пикирин билдирди.

22-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана «Оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзам долбоорлорун экинчи жана үчүнчү окууда талаш менен кабыл алды.

Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты