Казино тууралуу мыйзам долбоору талаш менен кабыл алынды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 22-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана «Оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзам долбоорлорун экинчи жана үчүнчү окууда талаш менен кабыл алды.

Мыйзам долбоорлору экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүдө өтпөй калып, танапис жарыяланган.  Кайра добуш берүүдө мыйзам долбоорун 58 депутат колдоп, тогуз депутат каршы болду.  Ал эми “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан Адахан Мадумаров, Айгүл Айдарова, Алишер Эрбаев, Эмил Токтошев жана Исхак Масалиев добуш берген жок.

Жогорку Кеңештин регламентинде каттоодон өтүп, бирок депутаттар добуш бербей койгон учурда абалдан чыгуу жолу каралбагандыктан талаш чыкты. Регламентке ылайык, мыйзам долбоорун кабыл алуу үчүн каттоодон өткөн бардык депутаттар добуш берүүгө милдеттүү. Депутаттар тарабынан мындай учурда Конституция негиз болору, көпчүлүк добуш менен мыйзамды кабыл алуу сунушталды.

Ошентип, казино тууралуу мыйзам долбоору 2 жана 3-окууда кабыл алынды.   

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты