Садыр Жапаров: Казиного чет өлкөлүк миллионер, миллиардерлер кирет. “Байдын ашын байкуш аяйт болбогула”

  • 2 года мурун

Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине коомдогу актуалдуу маселелердин тегерегинде маек курду. Ал депутаттар кечээ жакында колдоп берген казино тууралуу мыйзам долбоору  боюнча да ой-пикирин билдирди.   

-Ооба, депутаттар колдоп беришти. Колдоп берген депутаттарга алкыш гана айтышыбыз керек. Эми казинонун мамлекетке тийгизген таасири жөнүндө өзүмдүн ой-пикиримди билдирейин.

Биринчиден, 2012-жылы казинолор жабылгандан тартып, бүгүнкү күнгө чейин көмүскө казинолор иштеп келе жатканы баарыбызга маалым. Эртең мамлекет казинолорду мыйзам чегинде, ачык эле ачып койсок, көмүскө казинолор дароо жок болот.

Албетте, бүгүн көмүскө казинолорго барып жаткан биздин жарандардын барчу жери калбайт. Ал эми бүгүнкү кабыл алынган мыйзамдын негизинде кыргыз жарандары казиного киргенге катуу тыюу салынат. Буга биз мамлекет тараптан толук кепилдик бере алабыз. Биздин бир дагы жаран казиного кире албайт, чет өлкөлүктөр гана киришет. Бул боюнча көзөмөл кылуунун механизмдери толук иштелип чыкты.

Андан сырткары, казино ээси лицензияны мамлекеттен ири суммадагы акчага сатып алат. Эгер кыргыз жаранын казиносуна киргизген болсо, анда ал казино ээси лицензиясынан ажырайт. Ошондуктан казино ээси кыргыздын 5-10 миң доллар акчасына кызыгып, өзүнүн миллиондогон долларга сатып алган лицензиясынан ажырап калгысы келбейт.

Анан дагы казиного карапайым адамдар кирбейт. Аларга кызыгы да жок. Акчасы бар, акчасы асмандан түшкөндөр кирет. Ошого карабастан укук коргоо органдары казиного кирген биздин жарандарыбыз болсо, мейли ким болбосун, мыйзам бузганы үчүн камап коюшат.

Айрым каршы чыккандар “биздин жарандар банкрот болушат, үй-бүлөсү менен ажырашат” деп, элдин аң-сезимине ойноп жатышат. Эч качан андай болбойт. Көзөмөл катуу болот. Биздин жарандардын киришине жол бербейбиз. Ага толук күчүбүз жетет.

Экинчиден, казиного чет өлкөдөн келген миллионерлер менен миллиардерлер киришет. Казынага миллиарддаган салык түшөт. «Байдыкын байкуш аяйт» болбогула.

Үчүнчүдөн, мен көп жагынан таланып-тонолгон, сазга баткан Кыргызстанды колго алдым. Өзгөчө сырткы карызды төлөө убактысы менин учурума туш келди. Быйыл 23 миллиард сом сырткы карызды жабууга беришибиз керек. Эмдиги жылы 25 миллиард сом карыз жабабыз. Ушинтип, алдыдагы 10 жыл бою 30 жылдан бери алган сырткы карыздарыбызды төлөйбүз. Төлөй албасак, мамлекеттүүлүгүбүздү жоготобуз, -деди Садыр Жапаров.  

Ошондой эле Президент жогорку эмгек акы менен 15 миңден ашык жумушчу орундары пайда болорун белгиледи.

22-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана «Оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзам долбоорлорун экинчи жана үчүнчү окууда талаш менен кабыл алды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты