Президент Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды көзөмөлдөп жатканын басма сөз катчысы билдирди

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы боюнча кырдаалды көзөмөлдөп жатканын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбук баракчасында билдирди.  

-Президент Жапаров мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги учурдагы кырдаалды көзөмөлгө алууну улантып, чек арага чектеш аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тийиштүү көрсөтмөлөрдү берүүдө.

Зарыл маалыматтар бардык түзүмдөрдөн туруктуу негизде келип турат. Минкаб төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жеринде жүрүшөт.

Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен ар кандай деңгээлдеги жаракат алгандарга зарыл жардам көрсөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулууда. Өзгөчө оор абалдагылар Бишкек жана Ош шаарларындагы медициналык мекемелерге аба транспорту жана унаалар менен которулууда.

Ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдарга коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөн тургундарды тиешелүү шарттар менен камсыздоо тапшырмасы берилди.

Мезгил-мезгили менен тажикстандык аскер кызматкерлери тарабынан аткылоо жүргүзүлүүдө. Ошого карабастан жалпы күч-аракеттер менен аткылоону толук токтотууга жана маселени тынчтык жол менен чечүүгө аракет көрүлүүдө,-деп билдирди басма сөз катчысы.

Күч түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери оор техникаларды жана аскер кызматкерлерин туруктуу жайгашкан жерлерине толук алып чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген.

Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 01.30га карата Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 24 киши  каза тапканын кабарлаган. Ал эми 17-сентябрь, саат 22:30ка карата маалыматына ылайык,  Баткен облусундагы жабыр тартып, саламаттык сактоо мекемелерине кайрылгандардын  саны 129га жетти.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты