Президент Жапаров иш сапары менен Орусияга учуп кетти
- 1 год мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, Москва шаарында өтүүчү II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышуу үчүн Орусияга учуп кетти.
Сапардын алкагында бүгүн мамлекет башчы Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мүчө-мамлекеттеринин башчылары менен бирге “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышат.
Ошондой эле эртең, 25-майда, Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчылары евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашат, Биримдикти мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашат.
Расмий делегация курамында: Адылбек Касымалиев — Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, Муратбек Азымбакиев — президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, Самат Гүлнара-Клара – Орусиядагы элчи, Данияр Амангелдиев — экономика жана коммерция министри, Аяз Баетов — юстиция министри, Асеин Исаев — тышкы иштер министринин биринчи орун басары, Самат Кулмамбетов — президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн Евразия экономикалык биримдигинин иштери боюнча секторунун башчысы, Назарбек Малаев — экономика жана коммерция министринин орун басары.