Президент Жапаров Евразиялык экономикалык форумга жана ЖЕЭК отурумуна катышат

  • 11 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров 24-25-майда Москва шаарында II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) отурумуна катышат.

Бул туурасында президенттик администрацияынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Президент Садыр Жапаров 24-майда, Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мүчө-мамлекеттеринин башчылары менен бирге “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” Евразиялык экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышат.

Ошондой эле 25-майда Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчылары евразиялык мейкиндиктеги бир катар актуалдуу маселелерди талкуулап, Биримдиктин мындан аркы өнүгүүсү боюнча пикир алмашат» деп билдирди вл.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты