Президент Жапаров Ирандын президенти Масуд Пезешкианга көңүл айтты

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров Бендер-Аббас шаарындагы деңиз портунда болгон жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болушуна байланыштуу Ирандын президенти Масуд Пезешкианга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат жарыяланды.

«Бандер-Аббас шаарында Шахид Ражаи деңиз портунда болгон жарылуунун кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм»  деп айтылат телеграммада.

Кечээ, 26-апрелде, Бендер-Аббас шаарынан 23 км алыстыктагы Шахид-Раджаи портунда өтө чоң жарылуу болгон. Күйүүчү заты бар резервуар жарылган. Анда катуу жарылуу болгондуктан, аны Бендер-Аббас шаарынын тургундары жана Кешм аралындагылар да сезген.

Сүрөт: EPA  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты