Ирандагы жарылуудан 25 киши каза болуп, миңден ашыгы жаракат алды  

  • 2 месяца мурун

Ирандын Шахид Раджаи портундагы жарылуу ракетанын күйүүчү майына кошкон катуу заттан улам болгон. Бул тууралуу   The New York Times коопсуздук кызматындагы булактарына шилтеме менен билдирди.

Соңку маалыматтарга караганда, жаракат алгандардын аны 1,1миң адамдан ашканын  Иран өкмөтүнүн расмий өкүлү Арана Фатеме билдирди.

“Иран ислам революциясынын коопсуздук корпусуна байланыштуу адамдын” айтуусуна караганда, натрия перхлорат жарылган, ал ракетанын отунуна кошулуучу негизги ингредиент” деп билдиргенин америкалык басылма жазды. Ошол кезде ал зат эмнеден улам жарылганын айткан эмес.

Ирандын бийлиги бул диверсия же атайын кол салуу эмес экенин айтышууда. Ирандын Бендер-Аббас порт шаарында каза тапкандардын саны 25ке жетти, ал эми жабыркагандар 1,1 миңден ашты.

Медициналык мекемелерге 1139 киши кайрылган.

Кечээ, 26-апрелде, Бендер-Аббас шаарынан 23 км алыстыктагы Шахид-Раджаи портунда өтө чоң жарылуу болгон. Күйүүчү заты бар резервуар жарылган. Андагы жарылуу абдан чоң болгондуктан, аны Бендер-Аббас шаарынын тургундары жана Кешм аралындагылар да сезген.   

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты