Президент Жапаров Германияга сапарын аяктап, Астанага барды

  • 2 недели мурун

Президент Садыр Жапаров 27-ноябрда иш сапары менен Астана шаарына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишими Уюмуна (ЖККУ) кирген мамлекеттердин желектери илинди, килем төшөлүп, ардак кароолдун ротасы тизилди.

Иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.

Ага чейин президент Садыр Жапаровдун 25-27-ноябрда Германияга болгон расмий сапары аяктады.

Сапардын алкагында 26-ноябрда Берлинде Садыр Жапаровдун Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Садыр Жапаровдун Берлинге болгон сапарынын алкагында билим берүү, саламаттыкты сактоо, энергетика, инфраструктура жана экология ж. б. тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган эки тараптуу 17 документке кол коюлду.

Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен жолугушту.

Кыргызстандын президенти 27-ноябрда германиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугуп, германиялык бизнес менен ачык активдүү диалогго жана Кыргызстанда бизнес жүргүзүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө даярдыгын билдирди.

Сапардын аягында Президент Садыр Жапаров “Airbus Europe” компаниясынын президенти Йохан Пелиссье менен жолугушуу өткөрүп, анын жүрүшүндө Кыргызстандын бул компания менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү, анын ичинде Европага түз каттамдарды уюштуруу үчүн эки учак сатып алуу ниети айтылды, бул нерсе өлкөдө авиация тармагын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты