Президент Жапаров Германиянын федералдык канцлери Олаф Шольц менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
- 2 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Германиянын федералдык канцлери Олаф Шольц менен кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, алар эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде экономикалык өз ара аракеттенүү, “жашыл” экономиканы өнүктүрүү, инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелеринин кеңири спектрин талкуулашты.
Канцлер Олаф Шольц Германия Кыргызстан менен өнөктөштүккө чоң маани берерин баса белгилеп, өлкөлөр ортосундагы өз ара мамиле мындан ары да өз ара урматтоо жана өз ара пайда көрүү духунда өнүгө берерине ишенимин билдирди.
Садыр Жапаров Германия менен кызматташуу көптөгөн тармактарды: туруктуу саясий диалогдон тартып, экономика, саламаттыкты сактоо жана кесиптик билим берүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга чейин камтый турганын белгилей кетти.
Ал келерки жылы кыргыз-герман бизнес-форумун жана ишкер кеңештин кезектеги жыйынын Кыргызстандын аймагында өткөрүү пландалып жатканын жана муну менен Германиянын алдыңкы тажрыйбасын, технологиясын өлкөгө тартууга өбөлгө түзүлөрүн кошумчалады.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президент мөңгүлөрдүн эриши жана ага байланыштуу коркунучтар тууралуу айтып, климаттын өзгөрүшү жаатындагы кызматташтык өзгөчө мааниге ээ болуп жатканын белгиледи. Ал Германия менен өнөктөштүктө Бишкекте энергонатыйжалуу технологиялардын регионалдык борборун түзүү демилгесин эске салды.
Садыр Жапаров Кыргызстандын Германия алдындагы мамлекеттик карызын конверсиялоо маселесине да токтолду.
Сүрөт: president.kg