Президент Жапаров: Бюджеттин киреше бөлүгү 41%га өстү

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров быйыл республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 11 айда 162 млрд сомду түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 41%га же 47 млрд сомго өскөнүн билдирди.

Садыр Жапаров буларды белгиледи:  

-Былтыр ички дүң продукциянын өсүшү  8,6 пайызга төмөндөгөн. Же акыркы 14 жыл ичиндеги өтө төмөн көрсөткүч болгон. 1994-жылдан бери биринчи жолу ушундай кескин төмөндөгөн көрсөткүч эле. 

Ошол эле мезгилде, ушундай эле пандемиянын камалган шарттарында коңшу мамлекеттерде өсүш сакталган.

Бюджет боюнча айтсак 5 жылдын ичинде эң көп чогулганы 148 млрд сом болгон. 

Быйыл республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 11 айда 162 млрд сомду түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 41%га же 47 млрд сомго өстү. 

2019-жылдын 11 айына салыштырмалуу 36 млрд сомго көбөйдү.

Биз быйыл бюджеттик көрсөткүчтөрдө  пандемия жок мезгилдеги көрсөткүчтөрдөн да бир топ жакшы жетишкендиктерине чыга алдык. 

Биз жаңы салык ойлоп тапкан жокпуз. Биз башкарууну өзгөртүп, фискалдаштырууну күчөтүп – коррупцияны кыскартып кошумча акча каражат таптык. 

Министрлер кабинетин дайындап жатканда консолидацияланган бюджетти 280 млрд сомго жеткирүү боюнча элге убада кылганбыз.  Бул тапшырманы биз аткардык. 2021-жылды 306 млрд сом менен жыйынтыктайбыз же 26 млрд сомго көп болушу күтүлүп жатканын айтып коюшубуз керек, -деди Президент Жапаров.

Бүгүн, 25-декабрда, Министрлер кабинетинин жылдык отчету боюнча жыйналышы болуп өттү.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты