Президенттин жарлыгы: Министрлер кабинетинин түзүмүнө өзгөртүүлөр киргизилди

  • 4 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлык боюнча айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын базасында Министрлер кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик түзүлөт.
Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагына төмөнкүлөр өткөрүп бериле турган болду:

– кызматкерлеринин тиешелүү штаты, бюджеттик каржылоосу, материалдык-техникалык базасы, тиешелүү филиалдары, функциялары менен:
айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын алдындагы “Мамкартография” геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси, аны Министрлер кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Мамкартография” геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси деп кайра атоо:

Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы, аны Министрлер кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы деп кайра атоо каралды.  

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри деп өзгөртүлмөй болду. .

Айыл чарба министрлигине караштуу токой кызматын тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилет.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты