Акиташты ЕАЭБ аймагынан сырткары ташып чыгарууга убактылуу тыюу салынды
- 11 месяцев мурун
Министрлер кабинети иштетилбеген же одоно майдаланган, таарып кесилген же башка ыкма менен тик бурчтуу, чарчы формадагы блокторго же такталарга бөлүнгөн акиташ ракушечникти Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
МинКаб сайтындагы маалымат боюнча, Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн же казып алынган иштетилбеген же одоно майдаланган, таарып кесилген же башка ыкма менен тик бурчтуу, чарчы формадагы блокторго же такталарга бөлүнгөн акиташ-ракушечникти Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга бул токтом күчүнө киргенден тартып үч күн өткөндөн кийин киргизилүүчү алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленди.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




