Чолпон-Ата шаарында жаңы кичи райондун курулушуна жер берүү чечими бекитилди

  • 5 месяцев мурун

Министрлер кабинети Чолпон-Ата шаарында көп кабаттуу үйлөр жана социалдык-маданий маанидеги объектилери бар жаңы кичи районду куруу үчүн жер берүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлагандай, документке ылайык, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине мөөнөтсүз пайдаланууга мамлекеттик менчикте турган жалпы аянты 35 гектар жерди белгиленген тартипте өткөрүп берүү тапшырылды, анын ичинен Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына 1 гектар жер, Чолпон-Ата шаарынын мэриясына 34 гектар жер.Чолпон-Ата шаарынын тургундарынын тизмесинде жеке турак жай курууга арыз бергендердин саны 3 миң адамдан ашат. Учурда жерге көп кабаттуу турак-жай жана административдик имараттарды куруу долбоору иштелип жатат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты