Акылбек Жапаров Англиянын Кардифф шаарында “Concrete Canvas” компания башчысы менен жолукту

  • 5 месяцев мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кардифф шаарына (Улуу Британия жана Түндүк Ирландия бириккен королдугу) сапарынын алкагында “Concrete Canvas” компаниясынын башчысы Уилл Кроуфорд менен жолукту. 

Анда ишкер Уилл Кроуфорд МинКаб төрагасы Акылбек Жапаров баштаган кыргыз делегациясына “Concrete Canvas” компаниясынын заводунун ишмердүлүгү менен тааныштырып, тажрыйбалары менен бөлүштү. 

Мында жумшак композиттик бетон баракчалары чыгарылат. Тагыраагы мында чыгарылган материалдар  каналдардын, суу сактоочу жайлардын, уулу калдыктарды сактоочу жайлардын, балык өстүрүүчү көлмөлөрдүн алдына төшөлөт. Өзгөчө ирригация тармагында колдонуунун натыйжасы жогору.  

Белгилей кетсек, мындагы материалдар алдыңкы технологиялардын жардамы менен чыгарылып бардык талаптарга жооп берет. Учурда заводдон чыгарылган материалдар дүйнөнүн 100дөн ашуун мамлекетине экспорттолот. 

Ишкерлер Кыргызстан менен тыгыз иштешүүгө кызыкдар экенин айтып, Кыргызстандын аймагында компаниянын заводун ачууга даяр экенин билдиришти. 

Өз кезегинде МинКаб төрагасы Акылбек Жапаров инвестиция салууга кызыктар болгон ишкерлерге кыргыз бийлиги ар тараптан колдоо көрсөтүүгө жана маселени ыкчам чечүүнү колго алаарын билдирди.  

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жакын арада Кыргызстанда “Concrete Canvas” компаниясынын заводун куруу мүмкүнчүлүгүн кароого жетишти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты