Бишкек шаардык мэриясына ыштан арылуу жаатында ыйгарым укуктар берилет

  • 5 месяцев мурун

Министрлер кабинети  “Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан атмосфералык абаны коргоо жаатындагы ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча сынак долбоорду ишке ашыруу жөнүндө” токтомун жактырды. 

Чечимге ылайык, 2024-жылдын 1-январынан тартып, Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаарынын чегинде эки жылдык мөөнөткө транспорт каражаттарын эксплуатациялоого жана техникалык тейлөөгө чыгарууда  атмосфералык абаны коргоо боюнча эрежелердин жана башка талаптардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыра баштайт. 

Сынак долбоордун алкагында борбор калаанын мэриясына Бишкек шаарынын атмосфералык абасын коргоо жаатында ыйгарым укуктар берилген. 

 Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине сынак долбоорду ишке ашырууда мэрияга көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилди.

Иллюстрациялык сүрөт: Бишкектеги ыш. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты