“Жерге түшүп, баскыла!” Министрлер кабинетинин жыйыны өтүүдө

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 25-декабрда, Министрлер кабинетинин жыйналышы өтүп жатат.

Жыйында Министрлер кабинетинин 2021-жылдагы аткарган ишинин отчету угулуп, ошондой эле Министрлер кабинетинин 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруунун иш-аракеттер планы каралууда.

Иш — чарага Министрлер кабинетинин бардык мүчөлөрү, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, мамлекеттик органдардын, Президенттнин администрациясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери катышууда.

Мындан сырткары, жыйынга Жогорку сот төрайымы Нургүл Бакирова,  башкы прокурор Курманкул Зулушев, Улуттук банк төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев, эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов, улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов ж. б. катышууда.

Жыйынга төрагалык кылган Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын юстиция министри Аяз Баетов сыяктуу эл аралык аренада англис тилин билген жаш кадрлар өсүп чыкканын белгиледи. Бирок автобус-троллейбустарга түшпөгөн, эл турмушун билбеген жетекчилер да бар экенин айтып, “Жерге түшүп баскыла!” деп эскертти.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбк Жапаров өкмөттүн бир жылдагы иши тууралуу отчет берүүдө.        

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты