Эми бардык аймакта туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууга жана каза тапканды каттоого электрондук арыз берсе болот

  • 5 месяцев мурун

Кыргыз Республикасында Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жана каза тапкандыгын мамлекеттик каттоого электрондук арыздарды берүү боюнча пилоттук долбоор башталат

Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.   

Ага ылайык, санариптик өнүктүрүү министрлиги саламаттык сактоо министрлиги менен бирге, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин  2023-жылдын 1-декабрынан тартып Кыргыз Республикасында электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу туулгандыгын жана каза тапкандыгын мамлекеттик каттоого электрондук арыздарды берүү боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүүнү кайра баштайт.  

Буга чейин, 2022-жылдын 3- октябрынан 2023-жылдын 3-октябрына чейин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймактарында электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу төрөлүүнү жана өлүмдү мамлекеттик каттоого электрондук арыздарды берүү боюнча пилоттук долбоор жүргүзүлгөн. Анын алкагында 2023-жылдын сентябрынын башына карата түшкөн арыздардын негизинде 86 баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо жүргүзүлүп, анын ичинен 32си үйүнө жеткирилген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты