Тенгиз Бөлтүрүктүн үй камагындагы мөөнөтү дагы бир айга узартылды

  • 11 месяцев мурун

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн үй камагындагы мөөнөтү 10-июлга чейин узартылды. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарганын «Азаттык» аталган мекемге шилтеме берип жазды.

Тенгиз Бөлтүрүк 30-апрелде Бишкектеги Октябрь райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган. Мындай өтүнүчтү сотко Башкы прокуратура келтиргени маалым болгон. Башкы көзөмөлдөөчү орган анда “келтирилген зыяндын 80% жакыны, тактап айтканда, 844 млн. 512 мин 858 сому Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылды», — деп билдирген.

Бөлтүрүк жана аны менен чогуу иштеген бир нече адам “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу былтыр сентябрда кармалган.

Башкы прокуратура алдын ала эсептөө боюнча “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун кызмат адамдары тарабынан коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгендиги аныкталгандыгын билдирген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда,  акционердик коомду башкаруу органдары үчүн чектөөлөрдү бузуу фактысы боюнча үч кылмыш иши козголгон.

2022-жылдын 11-февралында Тенгиз Бөлтүрүк “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингине башкаруучу болуп бекитилген. Ошол эле учурда ал “Кумтөрдөн” айлык акы алып турган.  2022-жылдын февраль айынан июнь айына чейин Бөлтүрүк 110, 7 миң доллар сый акы алгандыгы Эсеп палатасынын отчетунда айтылат.  

Тенгиз Бөлтүрүктүн адвокаты Кайсын Абакиров Эсеп палатасы аудитинде манипуляцияга, фактыларды бурмалоого жол бергенин билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты