Президент окуу китеп жетишсиздигин жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлөт
- 3 недели мурун
Президент мектептерде окуу китептеринин жетишсиздигин жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов Фейсбук баракчасында билдирди.
-Мектептердеги окуу китептеринин жетишсиздиги боюнча ата-энелердин нааразычылыгын көрүп жатабыз. Көйгөй илгертен бери бар жана аны жашырууга же ар кандай себептер менен актоого болбойт,-деди Аскат Алакөзов.
-Ошондуктан президент Садыр Жапаров окуу китептеринин жетишсиздигин толук жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алды.
-Ошол эле учурда бир нерсени туура түшүнүшүбүз керек. Окуу китептеринин жетишсиздиги бүгүн эле пайда болгон маселе эмес. Мурда бул багытка жылына орточо 100 млн сомдун тегерегинде каражат бөлүнүп келсе, акыркы эки жылда эле 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү. Акыркы эки жылда каржылоо бир нече эсеге көбөйтүлүп, 9,6 миллиондон ашык жаңы китеп бастырылды. Бирок мунун өзү да жетишсиз болуп чыкты.
Тиешелүү жетекчилер окуучулардын санындагы өзгөрүүнү алдын ала эсептеп, керектөөнү ошого жараша пландашы керек экендиги айтылды.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мектепте жок окуу китептери Дордой базарында сатылып жатканын айткан. Өзү үчүнчү класстын математика китебин 650 сомго сатып алган.
«Мектептер китептердин жетишсиздигинен жапа чегип, эски окуу китептерин таратып жатканда, мен Дордой базарынан жаңыларын таптым. Мен үчүнчү класстын математика китебин 650 сомго сатып алдым. Окуу китептери мамлекеттик «Учкун» басмаканасында басылып чыккан, аларда «сатылбайт» деп жазылган. Башкалардын бул окуу китептерин басып чыгарууга укугу жок. Бул — коррупция. Кимдир бирөө аларды сатат, биз басып чыгарууга акча бөлүп беребиз» деди депутат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тапшырмасы боюнча укук коргоо органдары өлкө базарларында мектеп окуу китептерин сатуу фактылары боюнча текшерүү баштады.
Ар бир окуу китебине QR-код жайгаштыруу каралууда. QR-код окуу китептеринин кайсы аймакка, мектепке жана класска берилгендиги тууралуу маалыматты аныктоого мүмкүнчүлүк берет.
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы




