Ар бир окуу китепке QR-код жайгаштыруу каралууда
- 4 недели мурун
- Жаңылыктар
Ар бир окуу китебине QR-код жайгаштыруу каралууда. QR-код окуу китептеринин кайсы аймакка, мектепке жана класска берилгендиги тууралуу маалыматты аныктоого мүмкүнчүлүк берет.
Бул маселе Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешевдин мектептерде окуу китептери жетишсиз болуп жаткан учурда алардын базарларда сатылып жаткандыгы тууралуу кайрылуусунда көтөрүлгөн маселелерди талкуулоо учурунда 16-сентябрда сөз болгонун Агартуу министрлиги маалымдады.
Маалыматта айтылгандай, QR-код окуу китептеринин кыймылын көзөмөлдөөгө, тактап айтканда, китептин кайсы аймакка, мектепке жана класска берилгендиги тууралуу маалыматты аныктоого мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле QR-код аркылуу окуучулар жана мугалимдер окуу китебинин мазмунуна байланыштуу кошумча электрондук материалдарга жана санариптик ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Жолугушууга Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова, «Окуу китеби» басма үйү» мекемесинин директору Төлөгөн Аматов, «Учкун» жетекчиси Бакытбек Султанов жана Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев катышты.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тапшырмасы боюнча укук коргоо органдары өлкө базарларында мектеп окуу китептерин сатуу фактылары боюнча текшерүү баштады.
Ага чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мектепте жок окуу китептери Дордой базарында сатылып жатканын айткан. Өзү үчүнчү класстын математика китебин 650 сомго сатып алган.
«Мектептер китептердин жетишсиздигинен жапа чегип, эски окуу китептерин таратып жатканда, мен Дордой базарынан жаңыларын таптым. Мен үчүнчү класстын математика китебин 650 сомго сатып алдым. Окуу китептери мамлекеттик «Учкун» басмаканасында басылып чыккан, аларда «сатылбайт» деп жазылган. Башкалардын бул окуу китептерин басып чыгарууга укугу жок. Бул — коррупция. Кимдир бирөө аларды сатат, биз басып чыгарууга акча бөлүп беребиз» деди депутат.




